«Клооптун» кабарчылары кыздары менен кошо агып кеткен аялдын жакындары менен маектешти. Алар үй-бүлө көптөн бери Орусияда жүрүп, улуу кызынын тоюн өткөрүү үчүн жакында эле келгенин билдиришти.
Жакындарынын айтымында, апасы жана сиңдилери менен кошо агып кеткен 19 жаштагы кыздын үлпөтү август айына белгиленген болчу.
Каргаша болгон күнү атасы жана уулу үйдө калып, апасы үч кызын алып туугандары менен эс алууга кеткен.
Сел алар отурган «Мөл-Булак» эс алуучу жайын каптап, 44 жаштагы аялды жана анын 6, 10 жана 19 жаштагы кыздарын агызып кеткен.
14-июлдун кечинде 6 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Ал эми 15-июлда аялдын сөөгү Ак-Буура дарыясынан Оштун Катта-Терек аймагында табылды.
Үй-бүлөдөн сырткары сел дагы бир аялды агызып кеткен. Учурда издөө иштери уланып жатат.
Сүрөт: Kloop