Сел агызып кеткен 19 жана 10 жаштагы эже-сиңдинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, алар 14:30 чамасында Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан табылган. Алардын сөөгү Андижан шаарынын мейитканасына жеткирилди.
Буга чейин кыздардын 6 жаштагы сиңдисинин сөөгү да аталган суудан табылган. Ал эми 44 жаштагы апасынын сөөгү Ак-Буура дарыясынан Оштун Катта-Терек аймагынан табылган.
Учурда дагы бир аялдын сөөгү изделип жатат.