Бишкекте Панфилов дивизиясынын музейинин имараты cүрдүрүлдү, ал архитектуралык эстелик болчу

Image descriptionБишкекте, Логвиненко жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги Панфилов дивизиясынын музейинин имараты буздурулду. Бул тууралуу Economist.kg басылмасы активист Александр Зыковго таянып жазды.

Маданият министрлиги имарат мурдараак тарыхый-архитектуралык эстеликтердин тизмесинен Техникалык корутундуга ылайык чыгарылганын билдирди. Корутундуда имарат сейсмикалык туруктуу болбой калгандыктан аны бузуп, жаңысын куруу сунушталган. Ошондой эле, февралда музейдин экинчи кабатында өрт чыккан.

«Белгилей кетсек, И. Панфилов атындагы аскердик даңк музейинин имараты республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамтизмесине киргизилген 20 жылдан ашык убакытта авариялык абалга келип, оңдоп-түзөө иштерине жараксыз болуп калган, анын андан ары эксплуатациясы адамдардын коопсуздугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурат», — деп белгилешти ведомстводон.