Тай-Мурас Ташиев селден жабыркаган эки тургунга үй куруп берүүнү убадалады

Бул тууралуу Region TV телеканалынын башчысы Өткүрбек Рахманов билдирди. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасына Мады айылынан видео жарыялады. Анда УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев тургундар менен сүйлөшүп жатканы тартылган.

Мады айылы Кара-Суу районунда жайгашкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 14-июлда болгон селдин кесепетинен бул аймакта эң көп объекттер — 94 социалдык объект жана 642 үй суу алдында калган. Учурда жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Видео: Өткүрбек Рахманов