⚡️ Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров кайра кармалды

Image descriptionБиринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы Улан Жапаров тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча 19-августка чейин камакка алынганын билдирди.

Соттун маалыматына ылайык, ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Жабыркаган тарапка өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилгени айтылды.

Kaktus.mediaнын маалыматында президенттин тууганы жабырлануучуга облустардын биринде президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматын убада кылып, сый акы катары 100 миң доллардан ашык акча алганы, бирок убадасын аткарбай койгону айтылат.

Президент Садыр Жапаровдун бул тууганы биринчи эле жолу кармалып жаткан жок.

2023-жылдын июль айынын башында ал Бажыдагы коррупция иши боюнча кармалган. Анын кармалышы боюнча мамлекет башчысы өзү комментарий берип, «азыр башка убак», баарына «бирдей мамиле» жасалат деп билдирген. Өткөн жылдын октябрь айында Улан Жапаров үй камагына чыгарылган болчу.