Башкы прокуратурадан Арстан Абдылдаевдин (Алай) өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өткөнүн билдиришти.
Айыпталгандар Абдылдаев каза болгон №31 колониянын беш кызматкери болгон. Бирок алардын бири тергөө учурунда, үй камагында жүргөндө каза болгондуктан ага карата козголгон иш токтотулду.
№31 колониянын төрт кызматкерине «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иш Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда каралууда.
Бизнесмен жана мурда президенттикке талапкерлигин койгон Арстан Алай «Диний кастыкты козутуу» беренеси менен 2023-жылдын декабрдын орто ченинде кармалып, ТИЗОго киргизилген. Ал эми 2024-жылы январдын башында сөөгү абакта табылган. ЖАК ал өз өмүрүнө кол салды деп билдирген, бирок маркумдун кызы ага ишенбей, атасынын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.