ӨКМден 18-июлга карата селдин кесепеттеринен 794 үй тазаланганын билдиришти. Жалпысынан 906 турак жайды суу каптаган.
Ош шаарында 182 үй толугу менен, Кара-Суу районунун Датка, Мады, Баш-Булак айыл аймактарында 724 турак жайдын 612си сел калдыктарынан тазаланды.
Мекемеден Мады жана Баш-Булак айыл аймактарындагы турак жайларды тазалоого 385 куткаруучу тартылганын кошумчалашты. Тазалоо иштерине Жарандык коргонуу кызматынын 412 кызматкери көмөктөшүүдө. Ошондой эле Жарандык коргонуу кызматынын 50 инженердик жана атайын техникасы, 43 унаасы тартылды.
Сүрөт: Kloop жана ӨКМдин басма сөз кызматы