Каракол-Ананьево-Балыкчы унаа жолунун 59-чакырымындагы Өрнөк айылында катталган жол кырсыктан жаракат алган дагы эки бала каза тапты.
Бул тууралуу «Азаттык» Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Жибек Жайлымышовага таянып жазды.
«Түндө 9 жаштагы эгиздин түгөйү каза болгон, эртең менен 14 жаштагы өспүрүм кайтыш болду. Буга чейин эгиздердин бири кырсык болгон жерде мүрт кеткен», - деди Жайлымышова.
Ошондой эле, ал Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган 12 жаштагы баланын абалы оор экенин кошумчалады.
17-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол — Ананьево — Балыкчы унаа жолунун 59-чакырымында Toyota Avensis жана Mercedes-Benz W210 үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан.
Окуя болгон жерде 68 жаштагы айдоочу, анын жубайы жана небереси каза болуп, үч киши ооруканага түшкөн. Каза тапкандар Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси экени белгилүү болгон.