«5-6 медал күтөбүз» — президент өлкөнүн олимпиадалык курама командасы менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Парижде боло турган ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушту.

Өлкө башчысы эгемендик жылдар аралыгында Кыргызстан жалпы 7 Олимпиада медалын: 3 күмүш жана 4 коло жеңип алганын эске салды.

«2021-жылы сиздер менен жолукканда биздин жалпы максатыбыз — 2024-жылдагы Париж Олимпиадасында биринчи орундарды камсыз кылуу, алтын медаль жеңүү деп айттым эле. Бул менин эле сөзүм эмес, элдин дагы суроо-талабы, үмүт-тилеги болгон. Мына ошол үмүт-тилектерди актоого мезгил келди деп ойлойм. Эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхындагы биринчи алтын медалын жеңип, көз карандысыз Кыргызстандын 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата белек кыласыңар деп бекем ишенем», — деп белгиледи президент.

Ал кыргызстандыктар олимпиадалык курама командадан жок эле дегенде 5-6 алтын медаль күтөрүн айтты. Иш-чаранын соңунда Жапаров улуттук кураманын капитаны, балбан Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырды.

Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин Парижде өтөт. Кыргыз спортчулары спорттун беш түрү боюнча 16 лицензия жеңип алышкан: күрөш, дзюдо, сууда чабак уруу, жеңил атлетика жана бокс. Алардын 10у күрөш боюнча лицензиялар.