Ош шаардык сотунан «Клоопко» билдиришкендей, чечимди сот 28-июнда шаар мэриясынын кайрылуусу боюнча чыгарган.
Соттун чечимине ылайык, 2024-жылдын 27-июнунан 31-декабрга чейин мэриянын алдында жана калаанын борбордук аянтында митинг өткөрүүгө болбойт. Митингдерди К. Ататүрк атындагы паркта өткөрүүгө болот.
Митингдерге тыюу салынганы кечээ Оштун борбордук базарында иштеген соодагерлер базарды көчүрүүгө каршы чыкканда белгилүү болду. Бул митингде милиция төрт кишини кармаган.
Митингдерге тыюу Бишкекте дагы бар. Калаа борборунда эки жылдан ашык убактан бери митинг өткөрүүгө болбойт. Акыркы сот чечимине ылайык, тыюу 2024-жылдын 30-сентябрына чейин күчүндө болот.
Бишкекте митинг өткөрүүгө биринчи жолу 2022-жылдын март айында, Орусиянын элчилигинин жанында Украинага колдоо көрсөтүү максатында өткөн согушка каршы бир нече акциядан кийин тыюу салынган. Ошол учурдан бери сот тыюуну үч ай сайын узартып келет.