УКМК «Айчүрөк (ЦУМ)» соода борборунун ээси Анвар Маметовго карата кылмыш ишин токтотту

Image descriptionМамкомитеттен Маметов (Габбазов) 16-июлда Кыргызстанга келип, анын «активдүү катышуусу менен тергөө органдары бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөнүн» билдиришти.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, А. Маметовго мурда коюлган айыптар анын УКТнын ишмердүүлүгүнө жана каржылоого тиешеси жок болгондуктан алынып, ага карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду», — деп белгилешти УКМКдан.

2023-жылдын ноябрында УКМК Маметовду эл аралык издөөгө жарыялаган. Ошол учурда УКМК Маметов «Камчы Колбаевдин УКТ мүчөлөрүн каржылаган жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу менен алектенген» деп маалымдашкан. Ага карата «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.