ӨКМден билдиришкендей, бүгүн 23-июлда саат 17:15тер чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Ноокат районунда Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман-Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптап, унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылган. Кошумча маалымат берилет.