Ош: Нааразычылык акциясына чыкканда кармалган 4 аял коё берилди

Image descriptionОш шаарында базардын көчүрүлүшүнө каршы болуп нааразычылыкка чыкканда кармалган 4 аял коё берилди. Алар профилактикалык териштирүү иштеринен кийин бошотулганы маалым болду.

22-июлда Ош шаардык мэриясынын имаратынын алдына борбордук базардын көчүрүлүшүнө нааразы болгон 500дөн ашык соодагер нааразычылык акциясына чыккан.

Анда Ош ШИИБден нааразычылык акциясында «массалык башаламандыктарга үндөп, провакацияга алдырган адамдар байкалганын» билдиришкен. Буга байланыштуу митингге чыккан 4 адам кармалганы белгилүү болгон.

Кийинчерээк Ошто тынчтык жүрүштөрүн өткөрүүгө тыюу салынган. Сот 27-июндан декабрь айына чейин Ош шаарында Ататүрк паркынан башка жерлерде тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салган чечим чыгарган.