‼️Кыргызстандын түштүгүндө дагы сел жүрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жана Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөнүн билдирди. Ноокат районунда Тельман — Кара-Кой жолунун 25 чакырымы суу алдында калып, убактылуу жабылган. Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жеңил курулуштар жана жолдор селден жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулардын жеке курамы тартылганын маалымдады.

Видео: Эртай Искаков