Сузак округу боюнча ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрда өтөт

Image descriptionТиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин бул округдан Тазабек Икрамов депутат болчу. Бирок ал өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырган. Икрамов бул анын «жеке чечими» экенин белгилеп, бирок себебин түшүндүргөн эмес.