❗️Жыл башынан бери селден келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1,1 млрд сомду түздү

Image descriptionБул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов 25-июлда брифингде билдирди. Ал белгилегендей, Ош шаарында жана Арстанбапта болгон соңку селдин кесепеттеринен улам келтирилген зыяндын көлөмү көбөйөт.

Мамбетов ошондой эле 2024-жылдын 24-июлуна карата Кыргызстанда 311 сел катталганын билдирди. Анын айтымында өткөн жылга салыштырмалуу селдин жүрүшү быйыл 501 пайызга өскөн. Өткөн жылы жалпы 62 сел жүрүү катталган.