29-июлда Бишкек шаардык милициясы «Ататүрк» сейил багында жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барууга шектелген жигит кармалганын билдирди.
Окуя боюнча Октябрь райондук милициясына 20-июлда арыз түшкөн. Арыз ээси 15 жаштагы кызы менен жыныстык катнашка барган кишиге чара көрүүнү өтүнгөн.
Милиция бул боюнча «Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренси менен иш козгоп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.
Кылмышка шектүү катары 25 жаштагы жигит кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен тергөө абагына камакка алынды.