Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевдин айтымында, бул жай мезгилинде бизнес-коомчулуктун активдүүлүгү төмөндөгөнү жана өлкөгө келген туристтер алып келген доллардын көлөмү көбөйгөнү менен байланыштуу.
«Улуттук банк күн сайын рыноктогу кырдаалга көз салып турат. Алмашуу курсундагы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жыл башынан бери 15 жолу интервенция жасадык. Анын үч жолкусунда рынокко доллар сатсак, 12синде биз доллар сатып алдык. Жалпы интервенциянын көлөмү 308 миллион долларды түздү», — дейт Тургунбаев.
Акыркы убактарда доллардын сомго карата куну төмөндөп атканы байкалууда. Алсак, июндун башында доллардын расмий курсу 87,7 сом болсо, 30-июлга карата ал 84,3 сомго чейин түшүп кетти.