Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын 94%ы макулдашылып, 6%ы калганын «Клоопко» 30-июлда минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу август айында Баткенде өтөт.
Өткөн жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын 90%ы макулдашылганын белгилесе, президент Садыр Жапаров чек ара меселеси 2024-жылдын жазында чечилерин айткан.