Мындай чечимди 30-июлда Ош шаардык соту чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» аталган мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, айыпталуучунун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен анын жактоочусу кайрылган. Ошондой эле, соттук отурумда жабырлануучу келтирилген зыяндын орду толтурулганын айткан.
13-июнда УКМКдан Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы ишкерлерден акча алып жүрүүгө шектелип кармалганын кабарлашкан. Айыпталуучуга «Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга атайын кызматтын тергөө абагына камалган.
20-июнда Ош облустук соту айыпталуучунун бөгөт чарасын карап, шаардык соттун аны 30-июлга чейин камакта калтырган чечимин күчүндө калтырган.
Жетигеновдун мурдагы жардамчысы Каныбек Асанбековдун аты-жөнүнө туура келет.