Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, «Чалдыбар» чек ара ветеринардык көзөмөл бекетинин кызматкерлери Орусиядан мыйзамсыз жол менен балык ташылып келатканын аныкташкан.
«ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбаганы жана жүктүн тиешелүү ветеринардык коштомо-кагаздары ЕАЭБдин талабына шайкеш келбегени аныкталды. Инспекторлор жүктү артка кайтаруу актысын түзүп, көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайтарылды», — дешти министрликтен.
Иллюстративдик сүрөт.