⚡️Прокурор Камчы Көлбаевдин апасын 10 жылга эркинен ажыратууну сурады

Бул тууралуу «Азаттык» Майя Алиеванын жактоочусу Бактыбек Жумашевге таянып жазды.

Анын айтымында, 2-августтагы отурумда прокурор маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасын «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга кесүүнү сураган.

Айыптоочу ушундай эле жазаны Нурия Тентешовага да сураган. Бирок анын Көлбаев менен кандай байланышы бар экени айтылган эмес. Кийинки отурум 8-августта болот.

76 жаштагы Майя Алиева «кылмыштуу кирешелерди адалдоого» айыпталууда. Ага 13 кыймылсыз мүлк катталган.

Бир жолу сот отуруму Алиеванын үйүндө өтүп, соцтүйүндө талкуу жараткан. Бишкек шаардык сотунан «мындай чечим айыпталуучу ишти атайылап создуктурганы үчүн кабыл алынганын» айтышкан.

Буга чейин Көлбаевдин агасы Жолдошбек Көлбаев бийликке кайрылып, апасына козголгон ишти «адилеттүү жана мыйзам чегинде» кароону өтүнгөн. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден жолугушуу уюштурууну өтүнгөн.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев Кыргызстан жана Борбор Азиядагы эң белгилүү кримтөбөлдөрдүн бири болгон. Ал былтыр октябрда атайын операция учурунда УКМК тарабынан жок кылынган.

Кийин атайын кызмат Көлбаевдин наркы 1 млрд доллар мүлкү камакка алынганын билдирген. Анын 850дөн ашыгы хансарай, батир, эс алуу борборлору, ресторан жана аңчылык чарбалар экени айтылган.