Бул тууралуу 6-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Окуя бүгүн Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болду. Жерине беш куткаруучу барып, баланы имарттан секирбөөгө көндүрүп, милицияга өткөрүп беришкен.
«Милицияга маалымат саат 9:30 чамасында келип түштү. Секирүүгө аракет кылган 19 жаштагы тургун экени тастыкталды. Абалы жакшы. Учурда тергөө уланууда», — дешти Ленин райондук милициясынан.