Баткен: Базарда өрт чыгып, бир бала каза болду

Баткен облусунун Раззаков шаарында жайгашкан «Мадамин» базарында өрт чыгып, 16 жашар бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, өспүрүм алгач шаардык ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калган.

Тилсиз жоо окуу куралдарын саткан контейнерден чыкканы айтылууда. Өрт 42 чарчы метр аянтка жайылган. Жерине 11:30 чамасында куткаруучулар барып, 12:40да өрттү толук өчүрүшкөн.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталып, материалдык чыгым эсептелүүдө.