УКМК өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыялады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип жаткан өзбек ишкери Салим Абдувалиевге издөө жарыялады.

«Өзбекстанда кылмыш дүйнөсүнүн лидери эсептелген, КМШ өлкөлөрүндө таасири бар жана Европага маңзат жеткирүү боюнча мыйзамсыз каналдарды уюштурган Абдувалиев “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Асанбек менен байланыш түзүп, ага көптөн бери материалдык жардам көрсөтүп келген», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

УКМК Көлбаевдин Кыргызстанда кримтөбөл болуусуна жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү таасиринин артуусуна Абдувалиевдин салымы бар деп эсептейт.

«Абдувалиев Көлбаевди каржылоо менен өзүнүн кара ниет максаттарын көздөп, таасирин кеңейткен», — деп айтылат маалыматтар.

Бишкектин Октябрь райондук соту Абдувалиевдин бөгөт чарасын карап, аны камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарган.

Салим Абдувалиев Өзбекстанда «Салимбай Байбача» деген каймана ат менен белгилүү. Ал мекенинде 2023-жылы декабрда кармалып, быйыл мартта «Мыйзамсыз курал сатуу» беренеси менен алты жылга соттолгон.