УКМК Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Ничкесуу» кенинен алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгууга тиешеси бар төрт тургун кармалганын билдирди.
«Алардын быйыл апрелден июль айынын аягына чейин өлкөнүн менчиги болуп саналган жер казынасына кол салып, лицензиясы жок эле алтын кенин кол өнөрчүлүккө иштетүү максатында өзгөчө ири өлчөмдө жашыруун тартып алышканы такталды», — дешти атайын кызматтан.
УКМКдан тереңдиги 2-5 метр, туурасы 3 метр, ал эми узундугу 57 метр болгон алтын кени казылганын кошумчалашты.
Бул боюнча «Өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр эки айга тергөө абагына киргизилди.