Бул тууралуу Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.
Анын айтымында, Спорт департаментинин башчысы Айбек Абдымомунов Париждеги Олимпиадага болгон сапарынын алкагында Казакстандын спорт жана туризм министри Ермек Маржикпаев менен жолугуп, кийинки көчмөндөр оюндарын Кыргызстанга өткөрүп берүү маселесин талкуулады.
Кыргызстан — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгечиси. Оюндар буга чейин үч жолу (2014-2016-2018-жылдары) Ысык-Көлдө, 2022-жылы Түркияда уюштурулган. V оюндар быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Казакстанда өтөт.