Олимпиада: Үзүр Жусупбеков да коло үчүн ат салышат

Image descriptionБүгүн кыргызстандык балбан көңүл жубатуучу беттеште АКШлык Джозев Патрик Рауду 9:4 эсебинде утуп, коло үчүн беттешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Ал коло байге үчүн Африка оюндарынын жана чемпионатынын жеңүүчүсү египеттик Мохамед Габр менен күч сынашат. Беттештер бүгүн, 7-августта Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Жусупбеков жарым чейрек финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти утуп, чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге жеңилген.