Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды.
Маалыматка ылайык, спорттук комплекстин курулушу быйыл башталат. Ал футбол бирлигине берилген Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы 17,72 гектар жерге салынат.
Комплексте спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү жана улуттук курама командаларды даярдоо үчүн бардык шарттар түзүлөрү маалымдалды.