Калкты тейлөө борборлорунун айрым функцияларын айыл өкмөттөрүнө, коммерциялык түзүмдөргө жана банктарга берүү пландалууда. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары калкты тейлөө борборлорундагы кезек күткөндөрдүн санын азайтуу үчүн «Түндүк» тиркемесине санарип сервис кошуу каралууда. Анын жардамы менен жарандар жашаган жери боюнча каттоого туруп, паспорт алууга онлайн арыз бере алышат.
Министрлик ошондой эле Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун жана маалыматтарды онлайн сактоочу серверлерди ишке киргизүүнү пландоодо.