Көлбаевдин жесири сегиз жылга соттолуп, апасына шарттуу жаза чегерилди

Бишкектин Октябрь райондук соту маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеваны «Акча адалдоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга кести.

«Кылмыш Кодексинин 63-беренесине ылайык, соттолуучу эркинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, ага сыноо иретинде бир жылдык жаза чегерилет. Бул аралыкта ал мыйзам бузбашы керек жана сот жүктөгөн милдеттенмелерди аткарышы зарыл», — деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

Сот өкүмүнө ылайык, Майя Алиева Пробация департаментине каттоого турушу керек.

Адвокат Бактыбек Жумашев бүгүнкү өкүм боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылууга ниеттенип жатканын билдирди.

Сот мындан тышкары Көлбаевдин бул иш боюнча айыпталып жаткан жесири Нурия Тентешованы да күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле ага издөө жарыяланды. Тентишова кармалары менен ТИЗО-1ге киргизилип, кийин абакка которулат.

Буга чейин Көлбаевдин бир туугандары бийликке кайрылып, ишти «адилеттүү жана мыйзамдын алкагында» кароону өтүнүшкөн. Алар апасы эки жолу инсульт алганын айтып, аны үйүнөн ажыратпоону суранышкан. Эжелеринин айтымында, атасы 1983-жылы курган үйдүн Камчы Көлбаевге тиешеси жок.

Камчы Көлбаев Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы эң белгилүү кримтөбөлдөрдүн бири болгон. Аны «мыйзамдагы ууру» деп атап келишкен.

Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда аны кармоо боюнча УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кийин атайын кызмат анын 1 миллиард долларга бааланган активдери камакка алынганын билдирген. Алардын арасында хансарайлар, батирлер, эс алуу борборлору, ресторандар жана аңчылык кылуучу жерлер бар.

Кримтөбөлдүн апасына жалпысынан 13, жубайына беш кыймылсыз мүлк катталган.