Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Эркин Мамбеталиевди кармады. Бул маалыматты «Клоопко» өздүк булактар ырастады.
«Кактус» басылмасы Мамбеталиевдин маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы болгонун жазды. Соцтүйүнгө аны кармоо учурунда тартылды делген видео жарыяланды.
Мамбеталиев туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон. Бул тууралуу ошол кезде саясатта жүргөн Өмүрбек Суваналиев менен Азимбек Бакназаров бир нече жолу айтып, анын Атамбаевдин шоопуру делген Икрам Илмиянов менен да мамилеси жакшы болгонун билдиришкен.
Мамбеталиев маркум кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгону да айтылып келет.
Атамбаевдин мурдагы жансакчысы 2004-жылы милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө байланыштуу кармалган.
2005-жылы анын иши кайра каралып, акталып чыккан.
Мамбеталиев 2006-жылы кайра кармалган. Ага депутат Жылгалбек Сурабалдиевдин, полковник Алиевдин, Таалай Абасовдун жана дагы беш кишинин өлүмүнө тиешеси бар деген айып тагылган. Сот аны үч кишинин өлүмүнө катышкан деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. 2010-жылдагы революциядан кийин анын иши «жаңы ачылган жагдайлар» боюнча кайра каралып, ал эркиндикке чыккан.
Буга чейин иликтөөчү журналисттер Мамбеталиевди «бир тойго Камчы Көлбаев, Ахматбек Келдибеков (Жогорку Кеңештин экс-спикери), Байтемир Ибраев (экс-башкы прокурор) өңдүү кишилерди чогулта ала турган адам» катары мүнөздөшкөн. Ал өзү да алар менен жакшы мамиледе экенин ырастаган.