Президент Париж Олимпиадасындагы кыргыз спортчуларына түзүлгөн шарттар тууралуу сынга жооп берди

Садыр Жапаров Париж Олимпиадасына катышып жаткан кыргыз спортчуларынын тамак-ашы жөнүндө айтылган сындар боюнча комментарий берип, Олимпиадалык комитеттин уюштуруу жагында кемчиликтер бар экенин билдирди.

«Уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кемчиликтер бар. Диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок. [...] Олимпиадага кетээр алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз. [...] Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу»,
– деди президент.

Мурдагыга караганда спортчуларга жакшы көңүл бурулуп жатканын белгилеп, күрөшчүлөр үч жылдан бери аларга керектүү витаминдер менен камсыздалып жатканын, ошондой эле жатаканаларда жашап жүргөн спорчуларга шарт түзүлүп, батирлеринин ижара акысы төлөнүп жатканын билдирди.

«Буюрса, өз үйлөрү болуп калат. Мурда спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге барарда акчалары өз убагында бөлүнүп берилбей, ар кимден карыз алып, мелдешке кетип жүргөн күндөрү болгонун өз көзүбүз менен көрүп жүрбөдүк беле. Анын баарын тез эле унутуп калдыкпы? Мелдештерге барып келип, андан кийин акчалары колдоруна тийген кезде карыздары менен эсептешип жүргөндөрүн мен өз көзүм менен көргөм. Ал күндөр эми артта калды. Мындан ары эми андай болбойт. [...] Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы»,

— деди өлкө башчы.

Буга чейин соцтүйүндө Олимпаидадагы спортчулардын тамак-ашы тууралуу сын жана терс пикирлер айтылган.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда бир күмүш, үч коло медаль менен Кыргызстан 74 өлкөнүн ичинен 65-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат.