Париж Олимпиадасынын чейрек финалында балбан кыз индиялык Ритиканы 1:1 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алды.
Айпери эркин күрөш боюнча 76 килограмм салмакта күч сынашууда. Кезектеги атаандашы аныктала элек.
Жарым финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.