Олимпиадага эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта катышып жаткан кыргыз балбаны коло үчүн беттеште Дүйнөнүн үч жолку, Европанын 11 жолку чемпиону түркиялык Таха Акгюлго 0:7 эсебинде жеңилип калды.
Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери, 38 жаштагы Айаал Лазеров — Азия чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси. Бул анын үчүнчү Олимпиадасы. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо, 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан.