Жалал-Абад: Тилсиз жоодон төрт киши каза тапты

Image descriptionЖалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында үй өрттөнүп, 63 жаштагы тургун жана анын 6, 9, 10 жаштагы үч небереси каза тапты. Милициядан өрт чыкканда алар уктап жатышканын белгилешти.

Шаардык милицияга 11-август саат 18:00 чамасында Панфилов көчөсүндөгү үйлөрдүн бири өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоо 21:30да толук өчүрүлгөн.

Соттук медициналык экспертиза дайындоо үчүн сөөктөр шаардык оорукананын табытканасына жеткирилди.

«Өрттүн эмнеден келип чыкканын аныктоо үчүн техникалык, ал эми маркумдардын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Өрт үйдөгү кондиционердин иштеп жатканы үчүн келип чыкты деген болжол бар», — дешти милициядан.