Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 31-июлда Маданият министрлигинин алдында Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү тууралуу токтомго кол койду.
Документте жаңы борбордун максаты – «Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жана бекемдөө» экени жазылган. Борбор башка иштер менен катар жарандар менен юридикалык жактарды 2021-жылы кабыл алынган «Фейктер тууралуу» мыйзамга ылайык «жалган маалыматтардан» коргошу керек болот.
«Борбордун кызматкерлери конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин бузуу чакырыктарын, ошондой эле согушту, зомбулукту, экстремизмди, маңзатын жана порнографияны пропагандалоо учурларын аныктоо үчүн интернеттеги билдирүүлөр менен ЖМКга жарыяланган макалаларга мониторинг жүргүзөт», – деп жазылган документте.
Борбор мамлекеттик бюджеттен жана «тыюу салынбаган башка булактардан» каржыланат
Буга чейин маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу мекеменин алдындагы Мониторинг борбору социалдык түйүндөр менен иштеп, «зыяндуу контенттерге» бөгөт коёрун билдирген. Ал парламенттин январдын аягындагы жыйынында бул үчүн Meta, Google, TikTok сыяктуу бир катар ири компаниялар менен келишимдерге кол коюу пландалып жатканын айткан.