Казакстандык ишкер Владимир Жуманбаев «Форбс» басылмасына курган маегинде Кыргызстан УКМКсынын аны кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого айыптап, издөө жарыялаганы жөнүндө айтып берди.
Жуманбаевдин айтымында, УКМКнын бул аракети ал үчүн күтүүсүз болгон. Бул жөнүндө ишкер үй-бүлөсү менен эс алууда жүргөндө ЖМКдагы жаңылыктардан уккан.
«Бул маселе боюнча кыргыз тараптан мага алдын ала эч ким кайралган эмес. Менин дарегиме УКМКдан да расмий кайрылуу болгон эмес. Мен Бишкекке барып, баарын айтып бердим. Беттештирүүлөр менен коштолгон эки күндүк сурактан кийин мага тагылган айыптардын баары алынды», — деди Жуманбаев.
Kazakhmys Holding компаниясынын менеджери Владимир Жуманбаев Кыргызстандын тоо-кен тармагында 2003-жылдан бери ишкерлик менен алектенип келген.
Кылмыштуу топту каржылоо айыбынан тышкары анын компаниясына чыныгы кирешелерин азайтып көрсөткөн деген да айып тагылган. Ишкер жүргүзүлгөн текшерүүлөр бул айыптоону ырастабаганын билдирүүдө.
«Жалпысынан Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн мезгилде 75 миллион долларга жакын салык төлөдүк. Бул кыйла чоң сумма», — деди Жуманбаев.
УКМК Владимир Жуманбаевге быйыл 5-июнда издөө жарыялап, бирок эки жумадан кийин кылмыш иши токтотулганын билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, ишкер Кыргызстанга келгенден кийинки тергөө иштеринин жүрүшүндө анын Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси жок экени аныкталган.