Олимпиадага катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келди

Image descriptionПариж Олимпиадасына катышкан спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Алтынбек Максүтов, спортчулардын ата-энелери жана жакындары тосуп алышты.

Спортчуларды тосуп алуу салтанаты борбор калаадагы Усубалиев атындагы аянтта өттү.

26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу катышты. Алар сууда сүзүү, күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдешке катышып, эки күмүш, төрт коло жеңди.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова менен бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль жеңсе, грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова колого татыды.

Алты медаль жеңген Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 68-орунга чыкты.