Адвокат Назик Ажымаматова УТРКнын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулуна козголгон кылмыш иши боюнча «Азаттык» радиосуна комментарий берди.
Анын айтымында, журналистке жапырт башаламандыкка чакыруу айыбы WhatsApp тайпадагы билдирүүлөргө байланыштуу тагылган.
«Ал экинчи тараптан (ред: Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча) алган видеосу бар. Ошол окуя боюнча башка адамдар WhatsApp тайпа ачышыптыр. Ошол жерде массалык башаламандыктар бар деген айып коюлууда. Бирок Адылдын сөзүндө жана аракетинде кылмыштын белгилери жок. Адыл WhatsApp тайпада да болгон эмес. Ал жакта такыр башка адамдар отурган. Аларды тааныбайт жана тиешеси деле жок», — деп билдирген адвокат.
Адыл Акжол уулунун кармалганы 12-августта белгилүү болгон. Сот аны 4-октябрга чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
Журналист июлдун аягында өзүнүн YouTube-каналына Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын кайын атасынын маегин жарыялаган. Видео социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан. Айрым журналисттер маек бир жактуу болуп калганын, Акжол уулу аны сындап жазгандарды уят сөздөр менен сөккөнүн айтып чыгышкан.
Айтурган Маматкулова менен бир жыл никеде жашаган күйөөсү ал өз жанын кыюу үчүн дары ичип алганын айтууда. Маркумдун жакындары бул версияга ишенбей, Айтургандын өлүмүнө күйөө баласын айыптап, анын денесинде көгала тактар болгонун билдирип жатышат.
Маматкулованын өлүмү боюнча «Өз өмүрүн кыюуга чейин жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.