УКМК: Эркин Мамбеталиевдин тууганы рейдерликке шектелип кармалды

УКМК өткөн жумада камакка алынган Эркин Мамбеталиевдин Ж.Ы. аттуу тууганы рейдерликке шектелип кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү Ы.М. аттуу киши менен бирге «Дордой» базарынын аймагында жайгашкан «Береке» базарын тартып алган.

«Анын ээсин “укук коргоо органдарына кайрылсаң күч колдонобуз” деп коркутуп, базардан түшкөн кирешени кылмыштуу топту колдоого багыттап турушкан», – деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, ошондой эле маркум кримтөбөлдөр Рыспек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары белгилүү Эркин Мамбеталиев өткөн жумада кармалган.

Ал кезинде үч адамдын, анын ичинде милициянын полковниги менен депутаттын өлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок 2010-жылдагы революциядан кийин анын иши кайра каралып, эркиндикке чыккан.