Бул тууралуу 14-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну 5-августта милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал «айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменден ийгиликтүү өткөрүп, күбөлүк алып берем» деп 50 миң сом пара талап кылган автомектептин мугалимине мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча шаардык милиция «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Тергөөнүн жүрүшүндө 13-август күнү болжол менен саат 10:00 чамасында аталган автомектептин мугалими арыздануучудан 40 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
2022-жылы президент Садыр Жапаров тааныш салып же акчага күбөлүк алууга жол берилбей тургандыгын айтып, мындай аракеттерге баргандарга катуу чаралар көрүлөрүн эскерткен болчу.