Мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган Асель Ногойбаевага чет өлкөдө пластикалык операция жасалат

Ногойбаева 14-августта «Кактус» басылмасына сентябрь айында орусиялык дарыгерлер ага пластикалык операция жасай турганын билдирди. Мындай чечим Ысык-Көлдө биринчи айым Айгүл Жапарованын, жергиликтүү жана түркиялык, орусиялык дарыгерлердин катышуусунда өткөн консилиумда кабыл алынган.

«Жыйында дарыгерлер биринчи этаптагы операция тууралуу маалымат беришип, соңунда операцияны орусиялык адистер жасай турган болду. Тагыраагы, биз ушундай тандоо жасадык. Операция сентябрь айына белгиленди, күнү дагы такталат»,
— деди Ногойбаева.

Мындан дээрлик бир жыл мурда Асель Ногойбаевага мурдагы күйөөсү кол салып, бети-башын, кулак-мурдун кескилеп салган.

Айыпталуучу мурда да бир нече жолу Аселге кол салып, зордуктаган. Сот аны зордуктоо боюнча күнөөлүү деп таап, бирок пробациялык көзөмөл менен бошоткон. Ногойбаева соттун чечимине каршы арызданган.

Ногойбаеванын мыкаачылык менен кескиленгени коомдо чуу жараткандан кийин, Эстебесов «Зордуктоо» беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылып, үстүбүздөгү жылдын январында «кыйноо» беренеси боюнча 20 жылга кесилген. Бирок зөөкүр абакта отурганына карабай Ногойбаеванын коркутуп-үркүтүп келет.