Мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы өлкө ичиндеги бардык багыттар боюнча, анын ичинде Талас, Нарын жана Каракол шаарларына каттамдарды аткара баштайт.
Компаниянын коммерциялык директору Айдай Шайдылдаеванын айтымында, аймактар аралык каттамдар үч бурчтуу схема түрүндө ишке ашырылат. Мисалы, «Бишкек – Талас – Ош – Бишкек».
Ички каттамдарга билет баалары 2 миң сомдон башталат. Авиакомпания жүргүнчүлөргө бир нече тариф сунуштайт: супер эконом (багажы жок, 7 кг кол жүк), толук эконом (15 кг багаж жана кол жүк), флекс эконом (15 кг багаж, 7 кг кол жүк, орундукту тандоо мүмкүндүгү жана кезексиз тейлөө).
«Асман Эйрлайнс» «Манас» Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун туунду компаниясы болуп эсептелет. Ал Канададан эки учак сатып алган. Алардын бири 80 жүргүнчүгө ылайыкташкан Dash 8-400 үлгүсүндөгү учак. Алгачкысы Кыргызстанга августта, экинчиси сентябрда келет деп күтүлүүдө. Компания алдыда дагы бир учак сатып алууга ниеттенип жатат.
«Асман Эйрлайнс» 2025-жылга карата каттамдарын кеңейтип, Казакстан жана Өзбекстан өңдүү коңшу өлкөлөргө да учууну пландоодо.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ички аба каттамдарды Avia Traffic, Tez Jet, Aero Nomad Airlines жана Sky Fru авиакомпаниялары аткарууда. Алардын ичинен Баткен, Раззаков жана Жалал-Абад шаарларына Tez Jet'тин учактары гана каттайт. Анткени башка компаниялардын учактары чоң болуп, Оштон башка кичинекей аэропортторго коно алышпайт.
Акыркы кездери жарандар ички каттамдардагы билет бааларынын кымбат экенин даттанып келишет.