Паралимпиадага алгачкы жолу Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышат

Image descriptionМаматибраим Суранов 73 килограммга чейинки салмак категориясында көзү азиздердин арасындагы дзюдо боюнча мелдешке түшөт.

Миргүл Болоталиева парапауэрлифтинг мелдештерине 86 килограммга чейинки салмак категориясында катышат.

Айтунук Жоомарт кызы паратриатлонго, көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева Юлия Фернастын коштоосунда жеңил атлетика мелдешине катышат.

Жайкы Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин Парижде өтөт. Анда спорттун 22 түрү боюнча 549 медаль ойнотулат.