Биринчи жана экинчи баскычтагы соттор Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовдун иши боюнча өкүм чыгарды. Ал марттын аягында бир туугандары Райымбек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор менен чогуу кармалган.
Ош облустук сотунун маалыматына ылайык, 11-июнда Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовду «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 1 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Мындан тышкары соттун чечими менен ага жакынкы үч жылда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө тыюу салынган.
6-августта Ош облустук соту айыпталуучунун апелляциялык арызын караган. Сот Матраимовдун күнөөсүн мойнуна алып, материалдык чыгымды толук төлөп берүүгө макул болгонун эске алып, райондук соттун өкүмүн өзгөрткөн. Жыйынтыгында мурдагы акимге 300 миң сом айып салынган.
Тилек Матраимова апрель айынын аягынан бери үй камагында. Анын адвокаты кылмыш иши Матраимов аким болуп турган 2019-жылы Кара-Суу районунда курулган өтмөккө байланыштуу экенин билдирген.