ТИМ: АКШда кол салууга кабылган Базарбай уулу тергөөгө нааразы эмес

Image descriptionТИМ Лос-Анжелесте өспүрүмдөрдүн кол салуусунан жабыркаган Шайлообек Базарбай уулу полиция менен кызматташып, тергөө иштерине нааразы эмес экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Кыргызстанда төрөлгөн, бирок учурда Орусиянын жараны. Кол салуу учурунда анын жеке буюмдарын, анын ичинде америкалык жана орусиялык документин уурдап кетишкен.

«Учурда жабырлануучу каржылык жана башка жардамга муктаж эмес», — дешти министрликтен.

Буга чейин 2-августта Лос-Анжелесте өспүрүмдөр тарабынан сабалган Базарбай уулунун ишин ТИМ көзөмөлгө алганы, Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу кол салуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган.