Ногойбаеваны кат менен коркуткан мурдагы күйөөсүнүн иши боюнча абактын үч кызматери жазаланды

Асел Ногойбаеванын жактоочусу Индира Саутова №3 абактын үч кызматери «кылмыштын курамы жок» деген негизде тартиптик жазага тартылганын «Азаттыка» билдирди. Буга чейин аны мыкаачылык менен кордогон жолдошу абактан кат жазып Ногойбаеваны коркуткан.

«Эгерде ушундай жеӊил жаза берилсе анда абакта отургандардын уюлдук телефон колдонгон маселеси жакында чечилбейт. Муну прокуратура өзү көзөмөлгө алышы керек»,— деди ал.

Адвокат абактагы Азамат Эстебесов Ногойбаевага кат жазып, телефон чалып коркутканын айтып, июлда прокуратурага арызданган. Бирок ишти Жаза аткаруу кызматы өзү карап, ички иликтөө жүргүзгөн.

Бир жыл мурда Асель Ногойбаевага мурдагы күйөөсү кол салып, бети-башын, кулак-мурдун кескилеп салган.

Кийин зөөкүрдүн Аселге мурда да кол салып, зордуктап жүргөнү белгилүү болгон. Анда сот Эстебесовду зордуктоо боюнча күнөөлүү деп таап, бирок пробациялык көзөмөл менен бошоткон.

Ногойбаеванын мыкаачылык менен кескиленгени коомдо чуу жараткандан кийин, Эстебесов «Зордуктоо» беренеси боюнча 8 жылга, үстүбүздөгү жылдын январында «кыйноо» беренеси боюнча 20 жылга кесилген.