8-августта Казакстанда сот кыргызстандык Алина Горшенинанын ишин карап, аны камактан бошотуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Сетевые свободы» укук коргоо долбоору билдирди.
Буга чейин Орусиянын Башкы прокуратурасы Горшенинага эл аралык издөө жарыялап, аны өткөрүп берүү өтүнүчү менен Казакстанга кайрылган.
Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, ал 2021-жылы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга колдоосун билдирип, аны камакка алуу чечимин чыгарган судья менен прокурордун дарегине коркуткан билдирүүлөрдү жазган.
Горшенина быйыл 1-июнда Орусиянын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Казакстанда кармалган. Анда Кыргызстан ТИМи ага бардык зарыл болгон бардык консулдук-укуктук жардам берилерин, иштин чоо-жайын билүү жана кармалган жаран менен жолугушуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген.