Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына жарыяланган концепциянын долбоорунда жазылган. Анда окуучулардын билимин «объективдүү баалоо үчүн» беш баллдык системадан 10 баллдык системага өтүү каралып жатканы белгиленген.
Ага ылайык, 1-2-класстарда окуучуларга баа коюлбайт. 3-класстан тарта алардын билими 10 баллдык система боюнча баалана баштайт.
6-класста бардык окуучулар аттестациядан өткөрүлүп, алардын окуу, жазуу, математика жана табигый илимдер боюнча билими бааланат.
8-класстын аягында окуучулар кайрадан аттестациядан өтөт. Бул алардын түрдүү предметтер жана билим берүү багыттарына болгон кызыгуулары менен шык-жөндөмдөрүн аныктоого мүмкүндүк берет.
Азырынча окуучулардын билимин баалоонун жаңы системасы качан киргизилери белгисиз. Бирок ал 12 жылдык билим берүүгө өткөндө киргизилери айтылууда.
Министрлер кабинети 15-мартта 12 жылдык билим берүүгө өтүү долбоорун жактырган. 13-мартта президент Садыр Жапаров бул демилгеге каршы эмес экенин айткан. Билим берүү министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өткөндө кошумча окуу жылы кошулбастыгын, болгону «нөлүнчү» класстар жоюларын билдирген.